> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңештин депутаттары чет элдиктер үчүн казино ачууну биринчи окууда жактырышты
- URL: https://im.kg/all/2022/05/12/zhogorku-ke-eshtin-deputattary-chet-eldikter-ch-n-kazino-achuunu-birinchi-okuuda-zhaktyryshty/
- Published: 2022-05-12T10:11:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:51:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда чет элдиктер үчүн казино ачууну караган «КРдагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.**

Белгилей кетсек, казино ачууну министрлер кабинети демилгелеген болчу. Бийлик казино ачууну жактаган негизги жүйөө катары **бюджеттин кирешесинин көбөйүшүн** айтып келет.

> Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органынын төрагасы Улан Сарбанов ЖКда белгилегендей, оюн-зоок жайларына 21 жаштан жогорку чет элдик жарандар гана кире алат. Кыргызстандыктар үчүн казинодо ойноого твыюу салынат, бирок оюн-зоок жайлары жарандарга кошумча жумуш орундарын бермекчи.

Айрым депутаттар казинонун ачылышына каршы чыгышты. Динара Ашимова Кыргызстандын жарандарына казинодо ойноого тыюу салуу механизмин көзөмөлдөө кыйын болоорун билдирди.