> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 169.3 млн сом тез жардам унааларын сатып алууга  бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/169-3-mln-som-tez-zhardam-unaalaryn-satyp-aluuga-b-l-nd/
- Published: 2022-05-13T11:26:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169.3 млн сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.**

> Кабыл алынган чечимге ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга **169.3 млн 347 миң** сом акча каражаты бөлүнөт.

Бул бюджеттик каражаттар «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн.