> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун кээ бир бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/bishkek-naryn-torugart-zholunun-kee-bir-b-l-g-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2022-05-13T09:52:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргыз темир жолу» УК МИ 16-майдан 20-майга чейин Бишкек –Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөрүн маалымдады.**

> Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, күндүз жергиликтүү убакыт боюнча с**аат 09:00дөн 15:00гө чейин** жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда **транспорт бир тилке боюнча багытталат**. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.