> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июнь айында «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Каттоо башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/ijun-ajynda-germaniya-ekonomikasynyn-k-nd-r-biznes-forumu-t-t-kattoo-bashtaldy/
- Published: 2022-05-13T11:44:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:57:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**13-июнда Бишкекте «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Билдирүүдө бизнес-форумдун алдында атайын **Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши** түзүлгөнү, ал Германия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу үчүн эффективдүү кадам болуп, кийин бизнес өкүлдөрдүн өз ара туруктуу аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болоору айтылат.

> «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форумунун алкагында энергетика, агроөнөр жай, маалымат технологиялары жана туризм тармактарын талкуулоо үчүн панелдик тематикалык сессиялар, ошондой эле жеке B2B жолугушуулар болот», – деп билдиришти агенттиктен.

Бизнес-форумга катышууну каалагандар [арыз берип](https://docs.google.com/document/d/1odwa4aMmE57hy0Xn7L6e4TAboSbtXSZ4/edit), 17-майга чейин катыша тургандыгын ырасташ керек (орундардын саны чектелүү).