> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кайыңды-Кант» «Демир Банктан» 3.5 млн доллар кредит алат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/kajy-dy-kant-demir-banktan-3-5-mln-dollar-kredit-alat/
- Published: 2022-05-13T16:47:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК менен «Кайыңды-Кант» кант заводу 3.5 млн долларга кезектеги банктык кредит келишимине кол коюшту. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) сайтында жарыяланды.**

> Бул келишимге ушул жылдын 10-майында кол коюлган жана анын мөөнөтү 6 ай. Насыянын үстөкпайызы жылына7.5%ды түзөт.

Эске салсак, «Кайыңды-Кант» быйыл жыл башында «Демир Банктан» **2 млн доллар** өлчөмүндө насыя алган болчу.