> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктарды үйлөрүн камсыздандырууну милдеттендирүү каралууда
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/kyrgyzstandyktardy-jl-r-n-kamsyzdandyruunu-mildettendir-karaluuda/
- Published: 2022-05-13T10:43:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамфинкөзөмөл турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды аткарбагандыгы үчүн айып пул киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Негиздемеде өрт жана табигый кырсыктар болгон учурда компенсация **бюджеттик каражаттардын эсебинен эмес, камсыздандыруунун эсебинен жүргүзүлөрү** белгиленген. Мындай чечим, демилгеге ылайык, камсыздандыруу компанияларынын финансылык туруктуулугун чыңдоого жардам берет.

> «Учурда камсыздандыруучу компаниялар мыйзамдардын талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн административдик чаралар көрүлбөгөндүгүнөн, талаптарды этибарга албай, аткарбай жатышат. Турак-жайды милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууну күчөтүү зарыл», — деп айтылат документте.

Мыйзам аткарылбагандыгы үчүн айып пул салуу сунушталууда:

- айыл жеринде – 600 сом
- шаарларда – 1.2 миң сом

Айыптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат, ал эми каражатты жергиликтүү жана мамлекеттик бюджетке жөнөтүү пландалууда.