> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ширшовдун келиши менен «Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/shirshovdun-kelishi-menen-dastan-megacom-kyrgyztelekom-zhana-evraziya-saktyk-banky-sanariptik-ministrligine-tt-ministr-murda-shirshovdun-ajdoochusu-bo/
- Published: 2022-05-13T15:36:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:57:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлк фондунун ордуна «ТНК Дастан» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору), «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААКсынын акционери болду.**

> Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функцияларын бул ишканалардын акционерлерине берүү жөнүндө чечимди минкабдын 10-майдагы токтомуна ылайык, **министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кабыл** **алды.**

Буга чейин бул компаниялардын мамлекеттик акционери катары Мамлекеттик мүлк фонду иштеп келген. Бирок Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык, аталган **«компаниялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу»** максатында компаниялар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көзөмөлүнө өттү.

---

Белгилей кетсек, **ири мамлекеттик** ишканалардын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү чечими «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кабыл алынды. Эскерте кетсек, УКМК аны жарым суткага [камакка алып](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/10/ukmk-dastan-tuk-aak-bashkarmalygynyn-murdagy-t-ragasy-aleksej-shirshovdu-karmady/), бирок кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген болчу.

> Санариптик өнүктүрүү министри **Талантбек Иманов** 2010-жылдын 7-апрелине чейин **Ширшовдун жеке айдоочусу** болуп иштеген.

Эки күн мурда, 11-майда [Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/459690%5Faleksey%5Fshirshov%5Fperedvigaetsia%5Fna%5Favto%5Fpredpolojitelno%5Fglavy%5Fmincifry%5Fimanova.%5Fvideo.html) өз булактарына таянып, **Ширшов Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов** жана Нурлан Байымбетов аттуу бир адам менен чогуу саат 17:00дөр чамасында «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин **кабинетинде чогулганын жана ал жердей эки сааттай баарлашканын** жазган эле. Kaktus.media порталынын журналисти Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканына да күбө болгон. 

> Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга кайра кайтып келишин **Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарып берүүгө жардам берери** менен [түшүндүргөн жана аны өзү кабыл алганын да айткан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/11/ukmk-shirshovdu-korrupciyaga-shekt-dep-kamasa-prezident-aga-kylmysh-ishi-kozgolbogonun-zhana-any-z-chakyrganyn-bildirdi/). Кыргызстан Бириккен демократиялык кыймылы мамлекет башчы мындай аракеттери менен коомчулукту адаштырышы мүмкүн экенин[ билдирди](http://localhost/info-portal/novosti/2022/05/12/osvobozhdenie-shirshova-oppoziciya-vidit-popytku-reabilitacii-bakievyh-i-vozvrashhenie-im-aktivov/).