> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүү акы төлөнө турган болот
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/t-nd-k-t-sht-k-alternativalyk-zholundagy-tonnel-zhana-estakadalyk-k-p-r-d-n-zh-r-aky-t-l-n-turgan-bolot/
- Published: 2022-05-13T11:20:28.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:50:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы узундугу 3890 метрлик тоннелди жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүүнү акы төлөнө турган кылуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Министрликтин басма сөз кызматы курулуштарды бүтүрүп, толук ачууга али 1.5-2 жыл бар болгондуктан, азырынча **жол акынын суммасы конкреттүү коюла электигин** жана төлөм кандай механизм менен төлөнөрү азырынча белгисиз экендигин маалымдады.

> «Бирок жол акысы социалдык багытта болот деп ишенимдүү айта алабыз», — деп айтылат билдирүүдө.