> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги 138 млн сомду мыйзамсыз жок кылган – негизсиз маяналар берилген
- URL: https://im.kg/all/2022/05/13/transport-ministrligi-138-mln-somdu-myjzamsyz-zhok-kylgan-negizsiz-mayanalar-berilgen/
- Published: 2022-05-13T10:18:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:31:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эсептөө палатасынын кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Транспорт жана жол министрлигинде натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту кабыл алды.**

> Аудитте Транспорт министрлиги жалпы суммасы **138.2 млн сомду мыйзамсыз иштеткени** аныкталган.

- Эмгек акылардын негизсиз төлөнүшү **8 млн 468.1 миң сомду** түзгөн
- 2020-жылы жумушчу орундарга аттестациялоону жүргүзбөстөн, жол пайдаланачу ишканалардын кызматкерлерине кызматтык айлыкка **25-59%** өлчөмүндө **2.7 млн сом** суммасында кошумча төлөмдөр берилген
- тамак-ашка, коммуналдык чыгымдарга, жол киреге жана башка төлөмдөргө бардыгы болуп, **2.5 млн сом** чыгымдалган
- Курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу **2.1 млн сомго** аныкталган. Натыйжада, иштер аткарылган эмес.

> Эсеп боюнча дебитордук жана ашырылган кредиттик карыздарды жашыруу – **4.1 млн сом.**

Эсептөө палатасы долбоорлордогу чыгымдар боюнча тиешелүү материалдарды КРнын Башкы прокуратурасына жиберди. 

> «Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолду куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда, техникалык көзөмөлдөөнүн кызматкерлерин тейлөөгө арналган **транспорттук унаалар Кыргыздортрансдолбоорунун жетекчилиги тарабынан колдонулган**», – деп билдиришти Эсеп палатасынан.