> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров мугалимдер менен врачтардын айлыгын жыл сайын 20% көтөрүп турууну убада кылды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/14/akylbek-zhaparov-mugimder-menen-vrachtardyn-ajlygyn-zhyl-sajyn-20-k-t-r-p-turuunu-ubada-kyldy/
- Published: 2022-05-14T11:00:51.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:45:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда педагогдордун жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20%га көтөрүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди.** 

> «Буйруса быйыл 1-июндан тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиянын көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалууда», – деди Акылбек Жапаров.

Эске сала кетсек, быйыл мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Буга чейин министрлер кабинетинде маалымдалгандай, мугалимдердин айлык акысы бардык категориялар үчүн 50%дан кем эмес жогорулаган. 

***Кошумча окуңуз:*** [309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулады. Бюджеттен 7.1 млрд сом кетти](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/06/309-mi-bjudzhettik-kyzmatkerdin-mayanasy-zhogorulady-bjudzhetten-7-1-mlrd-som-ketti/).