> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атадагы 5.1 млн евролук долбоорду «Суу-Канал» ишканасы ишке ашырууда – суу түтүктөрүн оңдойт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/14/cholpon-atadagy-5-1-mln-evroluk-dolboordu-suu-kanal-ishkanasy-ishke-ashyruuda-suu-t-t-kt-r-n-o-dojt/
- Published: 2022-05-14T11:49:40.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:59:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Суу-Канал» ишканасы Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү банкынын «Чолпон-Ата шаарындагы суу түтүктѳр системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында курулуш иштерин алып барууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында аткарылып жаткан таза суу системасын жаңылоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

> «Жалпысынан долбоорго **5.1 млн евро** каралган. Долбоорду аткаруунун алгачкы этабында Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык **«Суу-Канал» ишканасынын короосуна кеңсе жана унаа токтоочу имараттар салынып, 5 жаңы техника сатылып алынды**. Ошондой эле суу тазалоочу станциянын курулушу жүрүп, 18 км аралыкка жаңы түтүктөр тартылган», – деп айтылат билдирүүдө.