> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/14/kalktyn-ayaluu-katmarlarynyn-zh-l-kpuldarynyn-lch-m-k-b-jt-ld/
- Published: 2022-05-14T18:06:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:28:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.** 

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, төмөндөгү категориядагы жарандарга жөлөкпулдар көбөйтүлдү:

- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулду – **810 сомдон 1200 сомго чейин**
- жалпы оорулардан **I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү** адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – **2500 сомдон 5500 сомго** чейин
- жалпы оорулардан **II топтогу** ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – **2000 сомдон 3000 сомго** чейин
- жалпы оорулардан **III топтогу** ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – **1500 сомдон 2000 сомго** чейин
- **ата-энесинин биринен айрылган** балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – **2000 сомдон 3000 сомго** чейин
- баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – **2500 сомдон 3000 сомго чейин**
- **улгайган жарандарга** ар айлык социалдык жөлөкпулду – **1500 сомдон 2000 сомго** чейин көбөйдү.

Ошондой эле **бирөөнүн багуусуна** жана көзөмөлүнө дайыма **муктаж болгон I топтогу** бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөм төлөө киргизилүүдө.

> «Мындан сырткары, 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жогорулатылууда», – деп айтылат маалыматта.