> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-апрель айларында Кыргызстандын өндүрүшүнүн көлөмү 10.3%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/14/yanvar-aprel-ajlarynda-kyrgyzstandyn-nd-r-sh-n-n-k-l-m-10-3-ga-st/
- Published: 2022-05-14T14:17:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель айларында 116 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 10.3%га жогорулады. Мындай көрсөткүчтөр Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

> КРнын өнөр жайы Кумтөр кенин иштетүүнүн эсебинен жогорку өсүштү көрсөттү – кенди эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 76 млрд 451 млн сомду түзүп, бир кыйла төмөн болмок (+2.4%).

Буга себеп фармацевтикалык продукциялардын (12.3%га), мунай заттардын (24.3%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (25.8%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын (32,%), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (10.1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (2.9%) өсүшү таасирин тийгизди. 

> Курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта – 2.9%га, айыл чарбасында – 2.2%га, дүң жана чекене соода – 6.9%га жогорулады.