> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бак курат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/14/ysyk-k-l-oblusunun-n-kt-r-fondu-alykul-osmonov-atyndagy-zha-y-sejil-bak-kurat/
- Published: 2022-05-14T11:34:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Акын Алыкул Осмоновдун үй-музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат. Аны **Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду каржылайт**.

> «Министрлер кабинетинин башчысы Алыкул Осмоновдун үй музейине да баш багып, имарат ичин көздөн кечирип чыкты. Жаңы паркта акындын ыр саптары жайгаштырылып, айкели орнотулат», – деп айтылат билдирүүдө. 

Бирок билдирүүдө аталган фонд сейил бакты курууга канча каражат бөлөөрү тууралуу айтылган эмес.