> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлери тосмолор алынса эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык маселелери жаралаарына тынчсызданышууда
- URL: https://im.kg/all/2022/05/14/ysyk-k-ld-g-pansionattardyn-eeleri-tosmolor-alynsa-es-aluuchulardyn-koopsuzdugu-plyazhdardagy-tazalyk-maseleleri-zharalaaryna-tynchsyzdanyshuuda/
- Published: 2022-05-14T18:25:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:56:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл облусунда 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлары бар. Мындай маалымат минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан конок үйлөрүнүн, эс алуу пансионаттарынын ээлери менен жолугушуу учурунда айтылды.**

Алардын көпчүлүгүндө нансостук станция жана тазалоочу курулмалар иштейт. Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл минитрлиги тарабынан Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгы белгиленди. 

> Эс алуу жайларынын ээлери жолугушууда жергиликтүү тургундардын пляж аймагына кирүү укугун камсыздоо боюнча өлкө башчысынын жарлыгын аткарууга даярдыгын айтышып, бирок айрым жагдайлар боюнча иш-аракеттерди карап чыгуу маселесин көтөрүштү. Мисалы, **эс алуу жайларындагы тосмолор алынган соң андагы эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык жана жеке менчик мүлктөрдү сактоо** жоопкерчилиги маселеси жаралат. 

Туризм тармагында ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлердин, пансионат жетекчилеринин сунуштарын уккан министрлер кабинетинин төрагасы аткаруу механизмдерин алар менен биргеликте иштеп чыгууну билдирди. 

> «Биз сиздердин ишкердүүлүгүнүздөргө тоскоолдук жаратуунун эмес, жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени Кыргызстандын бир гана байлыгы бул туризм тармагы. Бул багытта **Ысык-Көл аймагында 2 аэропорт реконструкциялап,** күнү-түнү иштетүүгө аракеттер болууда. 

> Бишкек-Балыкчы темир жолунун 24 км аймагы ондолуп, жүргүнчү ташуучу вагондорду жаңылоо ишке ашып жатат. Эми **Балыкчыга жол 1.2 саатка кыскарып**, көлгө поезд менен келүүчү эс алуучуларга шарттар түзүлүүдө. Быйыл көл жээгине 10 км вело жана жөө адамдар басуу жол курулат. Келечекте көл жээктерин ушундай жолго айлантуу планыбызда бар», – деп белгиледи Жапаров. 

Каракол шаарын өнүктүрүү планы кабыл алынып, республикалык бюджеттен 850 млн сом бөлүнүп жатканын айтты. Алдыда башка шаарлардын да өнүктүрүү программасы ишке ашырыла баштайт.