> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечип салууну чечти – бирок бир шарт койду
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/germaniya-kyrgyzstandyn-14-9-mln-evro-karyzyn-kechip-saluunu-chechti-birok-bir-shart-kojdu/
- Published: 2022-05-16T10:15:47.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:36:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечти. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн [Telegram-каналында](https://t.me/dastanbekeshev/1276) билдирди.**

> «Же боорукерлигиненби, же жакырлыгыбызды түшүндүбү, Германия биздин 14 млн 900 миң евро карызыбызды кечүүнү чечти. Карызды кечирүү бир шарт менен болду. Кечиримдүүлүктөн эч кандай сабак албасыбызды түшүнгөн немецтер **бул акчаны эки жылдын ичинде Кыргызстандын аз камсыз болгон жарандарына ипотекалык насыя берүүгө** жумшоону суранышууда», – деди Бекешев.

Депутаттын билдиргенине караганда, КР Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга жарандарга насыя берүү үчүн ар сегиз ай сайын (үч жолу) дээрлик **5 млн евродон** берип турат жана анын пайызынын бир бөлүгүн өзүнө алат. Ипотека **Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка** бардык жарандарга берилет.

Депутат ошондой эле макулдашуу долбоору бюджеттик комитетте карала тургандыгын кошумчалады.