Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечип салууну чечти – бирок бир шарт койду

Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечти. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

«Же боорукерлигиненби, же жакырлыгыбызды түшүндүбү, Германия биздин 14 млн 900 миң евро карызыбызды кечүүнү чечти. Карызды кечирүү бир шарт менен болду. Кечиримдүүлүктөн эч кандай сабак албасыбызды түшүнгөн немецтер бул акчаны эки жылдын ичинде Кыргызстандын аз камсыз болгон жарандарына ипотекалык насыя берүүгө жумшоону суранышууда», – деди Бекешев.

Депутаттын билдиргенине караганда, КР Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга жарандарга насыя берүү үчүн ар сегиз ай сайын (үч жолу) дээрлик 5 млн евродон берип турат жана анын пайызынын бир бөлүгүн өзүнө алат. Ипотека Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка бардык жарандарга берилет.

Депутат ошондой эле макулдашуу долбоору бюджеттик комитетте карала тургандыгын кошумчалады.