> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык товарлардын экспорту дээрлик 14%га кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/kyrgyzstandyk-tovarlardyn-eksportu-deerlik-14-ga-kyskardy/
- Published: 2022-05-16T10:44:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында 2.1 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 48.4%га көбөйдү. Мындай көрсөткүчтөр Улутстаткомдун маалыматында айтылат.** 

> Экспорттук жөнөтүүлөр **13.6%га азайып**, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче, **1.7 эсе жогорулаган**.

КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-мартында **835.4 млн долларды** түздү жана 2021-жылдын январь-мартына салыштырганда **21.3%га өскөн**. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23%га, импорттук келип түшүүлөр 20.7%га жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-март айларында **Россияга (68.6%)** жана **Казакстанга (29.6%)** туура келет.