> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Омор Хайям эмес», Season Terace, «Таймс» жайларына айып пул салынды – рейд уланууда
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/omor-hajyam-emes-season-terace-tajms-zhajlaryna-ajyp-pul-salyndy-rejd-ulanuuda/
- Published: 2022-05-16T13:28:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды жарандар тарабынан сакталышы боюнча рейддер уланып жатканын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.**

«КРнын жарандарына тамеки тартуунун, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, кальян, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

> «9 мекеме текшерилип, бул жолу **«Омор Хайям эмес»** чайканасында, **Season Terace** ресто-барында жана **«Таймс**» барында мыйзам бузуулар аныкталып, бардык фактылардын негизинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тарабынан 1-беренеге ылайык, **13 миң сом** айып салуу боюнча протокол түзүлдү», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, **тамеки чегүүгө каршы** жеринде кыдырууну акимчиликтин, МАБдын, ИИМдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жүргүзүүдө.

---

Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргызстанда **коомдук жайларда** тамеки, анын ичинде электрондук тамекилерди, кальяндарды жана аралашмаларды чегүүгө [тыюу салган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/09/28/v-kyrgyzstane-vveli-zapret-na-kurenie-v-obshhestvennyh-mestah/) мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.