> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактура менен иш алпарууга милдеттүү – МСК
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/tovar-zhetkir-ch-l-r-zhana-distribjutorlor-elektronduk-esep-faktura-menen-ish-alparuuga-mildett-msk/
- Published: 2022-05-16T14:53:47.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:33:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Салык кызматы ири жеткирүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) берүү тартиби жөнүндө эскертет.

ЭЭФ маалыматтык системасында катталган жеткирүүчү эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык, ЭЭФтин электрондук документ жүгүртүүсүнүн катышуучусу катары **системада катталбаган сатып алуучуга электрондук эсеп-фактураны тариздейт.**

> Алсак, электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө жана сатып алуучуга ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын берүүгө тийиш.

Салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөчү **ККМ аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөн учурда** калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана иштерди аткарууда эсеп-фактураны тариздебей коюуга укуктуу.

> Салык төлөөчү товарларды жеткирүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө эсеп-фактура мурунку айдан кийинки айдын **10 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен** бирдиктүү эсеп-фактура менен таризделет. Товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактура **КРнын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин** таризделет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү **8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш**.