> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туризмди колдоо фондунун капиталын 5 млрд сомго жеткирүү пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/turizmdi-koldoo-fondunun-kapitalyn-5-mlrd-somgo-zhetkir-plandaluuda/
- Published: 2022-05-16T13:45:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында КРнын туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.** 

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи. 

> «Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууга бел байлап, туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы унаа жолдор транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү фондуна **жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп**, анын **капиталын 5 млрд сомго жеткирүү планын** айтып берди», – деп айтылат минкабдын маалымат кызматынын билдирүүсүндө. 

---

«КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров [кол койгон ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/17/ustavdyk-kapitaly-1-mlrd-somduk-turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondu-t-z-ld/)жана фонд ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи. Ошондой эле аталган фонддун [директорлук кызматына **Ak-Sai Travel** компаниясынын жетекчиси **Елена Калашникова**](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/25/turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondunun-direktorluk-kyzmatyna-ak-sai-travel-kompaniyasynyn-zhetekchisi-kelet/) дайындалган.