> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УИА Жерүй кенинин айланасындагы дарыяларга изилдөө жүргүзүп, аларды балык өстүрүүгө жарактуу деп тапты
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/uia-zher-j-keninin-ajlanasyndagy-daryyalarga-izild-zh-rg-z-p-alardy-balyk-st-r-g-zharaktuu-dep-tapty/
- Published: 2022-05-16T18:13:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:49:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту Туз-Ашу (Талас дарыясынын бассейни) дарыясынын жана анын эки куймасы ― Чоң-Чычкан менен Жерүй сууларынын гидробиологиялык жана гидрохимиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.** 

Изилдөөлөр ихтиология жана гидробиология лабораториясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Анда дарыялардын суулары текшерүүгө алынып, жыйынтыгында, аталган жерлерде **кылкандуу балыктар түркүмү** жана башка дагы **гидробионттор жашай ала тургандыгы аныкталган**. 

> Суунун кандайдыр бир жолдор менен булгануусу катталган эмес. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba3.jpg)

Изилдөө көрсөткөндөй, Жерүй кенинин айланасындагы дарыялардын бардыгы балык өстүрүүгө жарактуу деп табылган. Ошондой эле андагы кен казуу иштери КРнын жаратылышты коргоо мыйзамына шайкеш жүргүзүлүп, эл аралык стандарттарга жооп берет.

---

Эскерте кетсек, буга чейин Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧК Ысык-Көлдүн форель чабактарын сатып алып, аларды Талас районунун атайын балыктар үчүн азык менен камсыздалган дарыяларында кое берүүгө [каржылык жардам көрсөтөөрүн билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/19/zher-jd-k-p-zhyldardan-beri-birinchi-zholu-kajradan-balyk-st-r-n-plandap-zhatyshat/) болчу. 

2022-жылдын апрель айына карата аталган компания Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого 313 млн 454 миң сом бөлгөн.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-ryba1-1024x768.jpg)