> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк которулган акча жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилерин эскертет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/16/uluttuk-bank-kotorulgan-akcha-zh-n-t-ch-lk-n-n-valjutasynda-zhe-som-menen-gana-berilerin-eskertet/
- Published: 2022-05-16T11:31:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:45:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**18-апрелде бекитилген Улуттук банктын токтомуна ылайык, чет өлкөдөн которулган акча жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында (Россия — рубль, Казакстан — теңге) же сом менен гана берилет. Бул тууралуу Улуттук банк бүгүн, 16-майда кайрадан эскертти.**

Белгилей кетсек, **эсеп ачпастан акча которуу** системалары аркылуу акча которууларды **жеке адамдар** гана жүргүзө алышат.

> «Эми КРнын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү, **жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында** же **сом улуттук валютасында гана** болушу мүмкүн. Мисалы, эгерде **Россиядан** акча которулган болсо, ал алуучуга **орус рублинде** гана берилиши керек, эгерде **Казакстандан казак теңгесинде гана**, ал эми **башка өлкөдөн болсо – анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада** берилетю
> 
> Эгерде которулган валюта КРнын аймагында **кеңири колдонулбаган болсо**, банк **Улуттук банктын эсептик курсун колдоно** алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек», – дейт регулятор.

Ал эми акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөрүүсүз калтырылды. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат. 

Кардар **КРнын коммерциялык банкына акча которууну анын банктык эсебине же электрондук капчыгына чегерүү боюнча буйрутма бере алат**. КРнын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, эсепти өз курсу боюнча валютага конвертациялайт же аны кардардын улуттук валютадагы электрондук капчыгына которот. Буга кошумча, эсеп валютасына алмашуу курсу жөнүндө кардар алдын ала кабардар болушу керек. 

#### Эмне үчүн өзгөртүүлөр киргизилди?

Өзгөртүүлөрдү киргизүү акыркы мезгилде Россия жана Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн **акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп**, кардарлар которуу валютасында, б.а. **которууну нак АКШ доллары менен берүүнү суранып жаткандыгы менен** шартталган.

Эгерде жөнөтүүчү **КРнын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсебине Россиядан рубль менен акча которууну жүргүзсө**, анда КРнын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, **өзүнүн курсу боюнча акчаны АКШ долларына которот**. Бул өзгөртүүлөр убактылуу болуп саналат жана накталай АКШ долларынын КРнын чегинен тышкары агылып чыгышына терс таасирин минималдаштырууга багытталат.