> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоого кеткен 32 млн долларды үнөмдөп, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/17/kyrgyzstan-byjyl-k-m-rd-importtoogo-ketken-32-mln-dollardy-n-md-p-kara-kechege-artykchylyk-beret/
- Published: 2022-05-17T18:24:23.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:15:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.** 

> Министрдин айтымында, республика жылына чет өлкөдөн көмүр алууга **32 млн доллар** жумшап келген жана эми бул каражат ички рынокко калып, жумуш орундары пайда болот. Ошондой эле бул жылы «Кара-Кече» көмүр кенине артыкчылык берилет. Ошондой эле Бекмурзаев тариф саясатына кылдат мамиле жасалып, аны көтөрүү планда жок экенин да кошумчалады.

Эскерте кетсек, бул жылы **1.5 млн тонна** көмүр казып алуу пландалып жатканын президент Садыр Жапаров [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/12/bul-zhyly-1-5-mln-tonna-k-m-r-kazyp-aluu-plandaluuda/) болчу. 

Анда президент 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казып алынганын белгилеген.