> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө андан ары Германияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен окуу программасы сунушталды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/17/mektep-b-t-r-ch-l-r-n-andan-ary-germaniyada-ishke-ornoshuu-m-mk-nch-l-g-menen-okuu-programmasy-sunushtaldy/
- Published: 2022-05-17T14:57:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:50:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу кечээ, 16-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди.**

Келишимге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен Программанын жетекчиси «Свобода ТОРСТЕНДИН» ортосунда кол коюлган.

> «Келишимдин алкагында, КРнын жарандарына «медайымдык иш» адистиги боюнча **КРда аккредиттелген окуу жайларында окуудан өтүп, андан ары Германияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү берилет.** 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочуларбул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат», – деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында, тандоодон өткөн талапкерлер Германияда жумушка орношо алышат.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/nemcy-rabota1.jpg)