> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ош» аэропортунун кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразылык акциясына чыгышты
- URL: https://im.kg/all/2022/05/17/osh-aeroportunun-kyzmatkerleri-naarazylyk-akciyasyna-chygyshty-zhetekchilik-kyzmatkerlerdi-myjzamsyz-ishten-ketire-bashtagan/
- Published: 2022-05-17T11:46:59.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:55:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 17-майда «Ош» эл аралык аэропортунун» кээ бир кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразычылык акциясына [чыгышты](https://www.facebook.com/watch/live/?extid=CL-UNK-UNK-UNK-AN%5FGK0T-GK1C&ref=watch%5Fpermalink&v=395158609195014). Алардын талабы куугунтуктоого алынган диспетчерлердин укугун коргоо.**

Митингге чыккандардын айтымында, жетекчилик алмашкандан тартып эле ар кандай кызматтык басмырлоо, куугунтуктар башталган жана алардын кызмат орундарына өздөрүнүн адамдарын алып келүү аракеттери байкалган. 

Пилоттор менен байланышта болуп, самолеттун тең салмактуулугун, учуу-конуу иштерин көзөмөлдөгөн диспетчерлик кызматка жок дегенде 1 жыл даярдыктан өтүш керек. 

Митингге чыккандардын бири Алтынбек Умаров ал жерде 9 жылдан бери иштегенин жана бул убакта бир дагы сөгүш албаганын, бирок акыркы жумада 2 жолу ага карата сөгүш каралганын айтат.

> «Биздин бөлүмдүн жетекчилиги дагы биздин укугубузду коргойм деп жатып жаман көрүнүп, учурда жумуштан айдалганы жатат. Биздин кызматта самолет учууга керектүү документтер даярдалат. Эгерде кызматкер 24 саат иштесе,анда ал 4 саат эс алууга укугу бар. Азыр болсо бизден ошол 4 төрт саатты да алып салышты. Мындай көрүнүштөр аэропорттун жетекчилиги алмашкандан тартып башталды», – деди ал.

Ал эми «Ош» аэропортунун диспетчерлик бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Токторбаевага кызмат жеринен чыгып кетүүнү талап кылышканын ал өзүнүн [Facebook баракчасында](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=pfbid02QyX2WahTX5iqu5qj3qNgnzhg2yfaGRdnsit3g26wgjrRdFWjJJp9etGwo6YoZeJql&id=100011201622641) жарыялаган. Ага карата Өзбекстанга мыйзамсыз барып, мамлекеттик сырды берген деген айыптоо тагылган.