> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия чет өлкөгө банктан которулчу акчанын лимитин 50 миң долларга чейин көбөйттү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/17/rossiya-chet-lk-g-banktan-kotorulchu-akchanyn-limitin-50-mi-dollarga-chejin-k-b-jtt/
- Published: 2022-05-17T11:07:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:14:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын Борбордук банкы шериктеш өлкөлөрдөн келген жеке адамдар үчүн банк эсептеринен чет өлкөгө акча которууга чектөөлөрдү 10 миң доллардан 50 миң долларга чейин көбөйттү жана Россияда иштеген резидент эмес жактарга эмгек акысынын өлчөмүндө акча которууга уруксат берди.**

Эми россиялыктар жана шериктеш өлкөлөрдүн жарандары **айына 50 миң долларга чейин** (же башка чет элдик валютада) россиялык банктардагы эсебинен өздөрүнүн эсебине же чет өлкөдөгү башка жеке адамга которо алышат. Эскерте кетсек, буга чейин чек 10 миң доллар болчу.

Ошондой эле Россияда эмгек же жарандык-укуктук келишимдер боюнча иштеген чет элдиктер (шериктеш жана шериктеш эмес өлкөлөрдөн) Россиядагы эсептеринен башка өлкөгө эмгек акы же кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алган **акыларынын өлчөмүндө** рубль же чет өлкөлүк валютада акча которо алышат.

> Ошол эле учурда **акча которуу системалары аркылуу эсеп ачпастан 5 миң доллардан ашык эмес** же башка валютадагы эквиваленттүү акча которууга чектөөлөр бар.