«Шоро» компаниясы Араб Эмираттарына бөтөлкөдөгү сууну сатууга уруксат алды

«Шоро» ЖАК Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) бөтөлкөдөгү ичүүчү суусунун сапаты боюнча сертификат алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаевдин ишканага болгон сапары учурунда белгилүү болгонун минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, «Шоро» компаниясы буга чейин продукцияларын Перс булуңундагы өлкөлөргө экспортко чыгарып келген.

Жакында эле компания БАЭде бөтөлкөдөгү суунун сапаты боюнча сертификат алууга жетишти, ал бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун жаңы техникалык стандарттарына жооп берген дүйнөлүк компанияларга берилет.

Төрөбаев өз кезегинде ишканадагы менеджменттин жогорку деңгээлин жана жыл сайын экспорттун үлүшүн көбөйтүү менен прогрессивдүү өнүгүүгө умтулуусун оңдуу белгиледи.

«Өлкө жана улуттун саламаттыгы үчүн иштөө деген өзгөчө философияны карманган «Шоро» компаниясы экологиялык таза, жогорку сапаттагы продукциялары менен башка өндүрүүчүлөргө үлгү болоруна жана даяр продукцияны сатууга мүмкүндүк берген жакшы репутацияны калыптандырат деп ишенем», – деди Төрөбаев.