> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2019-2020-жылдары Ветеринардык кызмат 50 млн сомдон ашык акчаны мыйзамсыз иштеткен
- URL: https://im.kg/all/2022/05/18/2019-2020-zhyldary-veterinardyk-kyzmat-50-mln-somdon-ashyk-akchany-myjzamsyz-ishtetken/
- Published: 2022-05-18T11:27:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдары Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматында бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудити жөнүндө отчетту кабыл алды.**

Аудиттин жүрүшүндө жалпы суммасы **11 млн 720.5 миң сом** суммасындагы каржы бузуулар аныкталды:

- эмгек акыларды негизсиз төлөө – 11 млн 402.9 миң сом
- материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 529 миң сом
- эсептен жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 380.3 миң сом
- товардык-материалдык баалуулуктардыдын жетишпестиги – 314.3 миң сом.

Мыйзамдарды бузуу менен Борбордук аппараттын кызматкерлерине бош кызмат орундардан пайда болгон каражаттардын эсебинен жалпы суммасы **10 млн 154.7 миң сом суммасында** материалдык жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен 2019-жылы – 5 млн 549.2 миң сом, 2020-жылы – 4 млн 605.5 миң сом.

> Аудит жүргүзүлгөн мөөнөттө вакциналарды натыйжалуу эмес пландаштырууга, пайладанууга, жана колдонууга байланыштуу, **26 млн 552.8 миң сом** суммасында бюджеттик каражаттардын рационалдуу эмес колдонулушу аныкталган. 

**Аталган суммага** бодо малга бруцеллез,чечекке жана шарп оорусуна каршы **вакциналар кирбейт**. Бул боюнча маалыматтар тергөө органдарына берилген, натыйжада, **51 млн сомго**, анын ичинен, Эсептөө палатасы тарабынан **31 млн сом** аныкталган.

Мыйзамдарды бузуу менен, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ак-Талаа районунун башкармалыгынын 8 кызматкерлерине жумушчу орундарын аттестациялоого чейин компьютерде иштегендигине зыяндуулук үчүн, **218.7 миң сом** суммасында **негизсиз төлөм** жүргүзүлгөн.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудит объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

> Эскерте кетсек, **Айыл чарба министрлигин 2019-2020-жылдары Эркинбек Чодуев** жетектеп турган.