> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 6.5 млрд сом төктү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/18/alyans-altyn-kompaniyasy-kyrgyzstandyn-bjudzhetine-6-5-mlrd-som-t-kt/
- Published: 2022-05-18T13:23:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын май айына карата Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6.5 млрд сом төктү, анын ичинен 4 млрд сому алтын сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.**

Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан **391 млн 576 миң сом** төлөнүп, анын ичинен:

- Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — ****195 млн 788 миң сом**
- Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — **117 млн 473 сом**
- Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – ****78 млн 315 миң сом** бөлүнгөн.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/zheruj-tab.jpg)

Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 707 кызматкер иштейт:

- Бишкектен – **99 жумушчу** (кызматкерлердин жалпы санынын 14%)
- башка аймактардан – **186 кызматкер** (28%)
- Талас облусунан – **422 жумушчу** (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – **161 кызматкер** (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).