> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инфляциядан улам кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы 0.3%га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/18/inflyaciyadan-ulam-kyrgyzstandyktardyn-realduu-emgek-akysy-0-3-ga-t-m-nd-d/
- Published: 2022-05-18T10:20:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-мартында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 943 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо **номиналдык эмгек акы 11.4%га өскөн**. 2021-жылдын январь-мартында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 797 сом алышкан.

> Бирок январь-март айларында **реалдуу эмгек акы** (инфляцияны эсепке алганда) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу **0.3%га төмөндөгөн**.