> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан россиялыктар жайында эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/05/18/kyrgyzstan-rossiyalyktar-zhajynda-es-aluunu-plandagan-aldy-ky-ch-lk-n-n-kataryna-kirdi/
- Published: 2022-05-18T16:00:20.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:30:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**[OneTwoTrip](https://www.onetwotrip.com/) туристтик кызматы Кыргызстан россиялыктар жайкы эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин маалымдады.** 
  
Аталган сервистин адистери 2022-жылдын **июнь, июль** жана **август** айларына карата россиялыктардын алдын ала мейманканаларды ээлөө маалыматтарын талдап чыгышкан.

> «Чет мамлекеттердин ичинен Армения, Түркия жана Кыргызстан эң көп суроо-талапка ээ. Сурамжылоого катышкандардын 14.5%ы Кыргызстанга – Ысык-Көлгө барууну каалашат», – деп билдирген портал.