> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы калктын реалдуу орточо акчалай кирешеси 6267 сомду түзгөн – бул жашоо минимумунан да төмөн
- URL: https://im.kg/all/2022/05/19/2021-zhyly-kalktyn-realduu-ortocho-akchalaj-kireshesi-6267-somdu-t-zg-n-bul-zhashoo-minimumunan-da-t-m-n/
- Published: 2022-05-19T18:06:43.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:07:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери 2021-жылы айына 6 267.8 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү **6383 сом** [болгон](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/25/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-75-dollardy-t-zd/).

КРнын калкынын **номиналдык акчалай кирешелери** болсо, 2021-жылы **541.8 млрд сомду** түздү. Муну менен катар 2021-жылы калктын **реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү** республика боюнча **484.1 млрд сомду** түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу 7.1%га га өскөн.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча 2021-жылы айына **6 647.8 сомду** түздү жана 2020-жылга салыштырмалуу 18.2%га өстү.