> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# KOICA Ысык-Көлдүн дыйкандарына айыл чарба жабдыктарын тапшырды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/19/koica-ysyk-k-ld-n-dyjkandaryna-ajyl-charba-zhabdyktaryn-tapshyrdy/
- Published: 2022-05-19T14:11:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кореянын KOICA агенттиги КРда «Органикалык айыл чарба жаатындагы саясатты иш жүзүнө ашырууну колдоо жана дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу» долбоорунун алкагында, Ысык-Көлдүн дыйкандарына колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Kyrgyz Organic билдирди.**

> Аталган агенттик Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка (Ak-Suu Organic, Темирлан АгроСервис), Маман (Maman Organic) жана Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор (Tosor Organic) айылдарындагы кооперативдердин Кызматтык Топторуна айыл чарба жабдыктарын (**мотоблоктор, фрезер, соко, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын чачкычтар** жана дыйкандардын талаа шартындагы жумуштарына **адистештирилген кийимдер**) тапшырды. 

Белгилей кетсек, долбоор 2019-жылдан 2023-жылга чейин аткарылат.