> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк рыноктон долларды сатып ала баштады – 6 млн долларга интервенция жүргүздү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/19/uluttuk-bank-rynokton-dollardy-satyp-ala-bashtady-6-mln-dollarga-intervenciya-zh-rg-zd/
- Published: 2022-05-19T10:19:47.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:45:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 18-майда Улуттук банк рыноктон 6 млн долларды сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.**

Долларды сатып алуу боюнча интервенциянын толук көлөмү бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен ишке ашырылган.

> Белгилей кетсек, быйыл бул Улуттук банктын АКШ долларын **сатып алуу боюнча** үчүнчү интервенциясы. Буга чейин регулятор 30-31-мартта чет элдик валютаны сатып алган болчу.

Жыл башынан бери өскөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн АКШ долларын рынокко **сатуу боюнча** беш интервенция жүргүзүлгөн. Алар 12-27-январда, 24-февралда, 4-10-мартта ишке ашырылган. 

Белгилей кетсек, Улуттук банк интервенцияны ички валюта рыногундагы доллардын курсун текшилөө максатында жүргүзөт.