> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк жүргүзгөн интервенциядан улам доллар көтөрүлүшү мүмкүн – мартта ушундай болгон
- URL: https://im.kg/all/2022/05/19/uluttuk-bank-zh-rg-zg-n-intervenciyadan-ulam-dollar-k-t-r-l-sh-m-mk-n-martta-ushundaj-bolgon/
- Published: 2022-05-19T11:17:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:46:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк кечээ, 18-майда рыноктон 6 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.** 

Бул Улуттук банктын АКШ долларын **сатып алуу боюнча** үчүнчү интервенциясы. Буга чейин регулятор 30-31-мартта долларды сатып алган болчу.

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасынын талдоосуна ылайык, Улуттук банктын март айында жүргүзгөн интервенциясынан **3 күндөн кийин доллар 80-82 сомдон 85-86.5 сомго чейин**, ал эми **бир жумадан кийин 88-89 сомго чейин көтөрүлгөн** болчу.

Бирок белгилей кетчү жагдай, марттагы жүргүзүлгөн интервенциянын көлөмү кечээги интервенцияга салыштырмалуу алда канча чоң болчу. Анда КР Улуттук банкы базардан эки күндүн ичинде 19.9 млн доллар сатып алса, кечээги интервенцияда андан үч эсе аз – 6 млн доллар сатып алды.

> Кечээки интервенция доллардын курсунун өсүшүнө таасир этеби, азырынча белгисиз.

##### 2022-жылдын 25-мартынан 10-апрелине чейин Бишкек шаарында доллардын рыноктук курсунун өзгөрүүсү

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/Snimok-ekrana-2022-05-19-v-10.44.07-1024x379.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/Snimok-ekrana-2022-05-19-v-10.44.07.png)

##### 2022-жылдын 25-мартынан 10-апрелине карата КР Улуттук банкындагы доллардын расмий курсунун өзгөрүүсү

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/Snimok-ekrana-2022-05-19-v-10.44.51-1024x371.png)