> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Баткенге аба каттамдардын саны жумасына эки жолу болот – июнь айынан тарта Жалал-Абадга каттамдар көбөйөт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/20/bishkekten-batkenge-aba-kattamdardyn-sany-zhumasyna-eki-zholu-bolot-ijun-ajynan-tarta-zhalal-abadga-kattamdar-k-b-j-t/
- Published: 2022-05-20T10:35:26.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:27:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандык TezJet авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге каттамдардын санын жумасына бирден экиге көбөйттү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин жарандык авиация департаментинен билдиришти.**

> Июнь айынан тарта бул авиакомпания **Жалал-Абадга да каттамдардын санын көбөйтүүнү** пландап жатканын министрликтен кошумчалашты.

Ведомство ошондой эле россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын авиакомпаниялары учпаган багыттардан Кыргызстанга жүк-200дү бекер ташып келүү боюнча келишим түзүшкөнүн билдиришти.