> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чет өлкөдөн электромобилдерди алып келүүнүн жол-жоболору кандай? Бажы кызматы жооп берет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/20/chet-lk-d-n-elektromobilderdi-alyp-kel-n-n-zhol-zhoboloru-kandaj-bazhy-kyzmaty-zhoop-beret/
- Published: 2022-05-20T10:46:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:59:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы контролун уюштуруу башкармалыгы ташылып кирген электрмобилдерге жеңилдиктерди алуу жөнүндө маалымат берди.** 

Электрмобилдерге жеңилдиктерди алуу үчүн  
тышкы экономикалык иштин катышуучулары электромобилдер келген жери боюнча бажы органдарына белгиленген үлгүдөгү арыз (1-тиркеме) менен кайрылуусу зарыл.

**Арыз төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:**

• ташып кирген моторлуу транспорттук каражаттардын саны  
• наркы  
• чыгарылган жылы  
• маркасы, модели  
• кузовдун номери (шасси VIN)  
• УСД номери (убактылуу сактоо документи).

> Ошондой эле арыз менен бирге паспорттун жана жүк коштоочу  
> документтердин көчүрмөсүн берүү зарыл. 

Бажы органдары бир жумушчу күндүн ичинде документти тышкы  
экономикалык иштин катышуучусуна берет, аны бажылык тариздөө жайына (БТЖ) көрсөтүү зарыл. 

Тартип тууралуу толук маалымат менен [бул шилтемеден](http://www.customs.gov.kg/news/get?id=467) менен таанышууга болот.