> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Донорлор COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан ишканаларга 72 млн доллар бөлдү – насыя пайызсыз берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/20/donorlor-covid-19-pandemiyasynan-zhabyr-tartkan-ishkanalarga-72-mln-dollar-b-ld-nasyya-pajyzsyz-berilet/
- Published: 2022-05-20T11:04:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:43:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Финансы министрлиги донор уюмдар COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан ишканаларга 72 млн доллар бөлгөнүн жана ал 1.5 жылга пайызсыз берилерин билдирди.**

> «Ишканаларды колдоо үчүн Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банктын колдоосу менен Финансы министрлиги COVID-19 пандемиясынын учурунда зыян тарткан ишканаларга жалпы суммасы 72 млн долларлык колдоо көрсөтөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган каржылык жардам **насыя түрүндө 1.5 жылга 11 коммерциялык банк тарабынан пайызсыз** берилмекчи.

Аталган насыяны кантип, кандай шарттарда, кайсы банктардан алуу тууралуу **[бул шилтемеден](http://www.minfin.kg/novosti/proekt-ekstrennaya-podderzhka-mmsp/informatsiya--o-proekte-/besprotsentnye-kredity-dlya-mikro-malogo-i-sredneg)** таанышууга болот.