> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК: Жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу – мыйзамдуу
- URL: https://im.kg/all/2022/05/20/msk-zhetkir-ch-l-rd-n-elektronduk-esep-fakturany-koldonuunu-talap-kyluu-myjzamduu/
- Published: 2022-05-20T11:54:02.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:44:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин аракеттери – мыйзамдуу. Бул тууралуу МСК Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаеванын президент Садыр Жапаровго салык салуу системасындагы санариптештирүү боюнча ачык [кайрылуусуна](http://localhost/info-portal/novosti/2022/05/19/nalogovaya-trebuet-bumazhnye-kopii-elektronnyh-dokumentov-associaciya-postavshhikov-obratilas-k-prezidentu/) жооп берди.** 

Эскерте кетсек, Жеткирүүчүлөр ассоциациясы Салык кызматынын санариптештирүү иштерине карабай, алар дагы деле электрондук документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн талап кылып жатышканын айтып даттанган эле.

> «Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактуралардын болуусун талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери салык мыйзамдарынын чегинде жүзөгө ашырылууда.

> МСК Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчисинен ЭЭФ колдонбогон ак ниетсиз товар жеткирүүчүлөрдү коргобоону, муну менен салык салуу объекттерин кыскартпоону жана ошол эле учурда салыктарды толук төлөгөн ак ниеттүү жеткирүүчүлөрдүн укуктарын бузбоону өтүнөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзөт.

Ошондой эле МСК эгерде мындай фактылар орун алса, Салык кызматынын **борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312) 613189)** кайрылууну өтүнөт жана кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн айтат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү. Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү **8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө** тийиш.