> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-апрель айларында өндүрүштө мунай азыктарынын жана жыгач буюмдарынын өсүшү байкалды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/20/yanvar-aprel-ajlarynda-nd-r-sht-munaj-azyktarynyn-zhana-zhygach-bujumdarynyn-s-sh-bajkaldy/
- Published: 2022-05-20T16:09:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:12:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Январь-апрель айларында өнөр жай мунай продуктуларынын, жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфия ишинин эсебинен өскөнү байкалган. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.**

Өнөр жайда өсүш мунай продуктуларын (24.3%), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишин (25.8%), фармацевтика продукциясын (12.3%), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынган. 

Машиналарды жана жабдууларды кошпогондо (32%), тамак-аш продуктыларынан (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарынан (10.1%), пайдалуу кендер 2.9%га өскөн.

> 2022-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү **22.7 млрд сомду** түзүп, 0.6%га жогорулаган.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2022-жылдын январь-апрель айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 22.6 млрд сомду түзүп, ИДПнын 4.6%ын түзгөн.