> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дастан» ТНК ААК мамлекетке 18.7 млн сом өлчөмүндө дивиденд төлөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/23/dastan-tnk-aak-mamleketke-18-7-mln-som-lch-m-nd-dividend-t-l-jt/
- Published: 2022-05-23T10:17:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дастан» ТНК ААК (мамлекеттик үлүшү 98.46%) 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлерине 19 млн сомдон дивиденд төлөйт. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

Белгилүү болгондой, 27-апрелде өткөн «Дастан» ТНКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгында, дивиденддерди төлөөгө **19 млн сомдон** бир аз көбүрөөк каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

> Ошондой эле бир акцияганын дивиденди **1.9 сомду** түзөт. Ал эми мамлекет ири акционер катары **18.7 млн сом** алат. Төлөө күнү үстүбүздөгү жылдын 20-августуна белгиленген.