> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июль айынан тартып Бишкектен Жалал-Абадга аба каттамдары күн сайын аткарылат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/23/ijul-ajynan-tartyp-bishkekten-zhalal-abadga-aba-kattamdary-k-n-sajyn-atkarylat/
- Published: 2022-05-23T11:20:10.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ата мекендик TezJet авиакомпаниясы 1-июлдан тарта Бишкек – ​​Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча күн сайын каттамдарды аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) басма сөз кызматы билдирди.**

Бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.

**Бишкек – Исфана – Бишкек** багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.

**Бишкек – Баткен – Бишкек** багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат. 

**Бишкек – Ош – Бишкек** багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.

«TEZ JET» авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат. «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат. «Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат (өтүнмө каттын негизинде).