> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ипотекалык насыясы бар жарандар, жумушсуздар пенсияга топтолгон акчасын алдын ала алса болот
- URL: https://im.kg/all/2022/05/23/ipotekalyk-nasyyasy-bar-zharandar-zhumushsuzdar-pensiyaga-toptolgon-akchasyn-aldyn-ala-alsa-bolot/
- Published: 2022-05-23T13:40:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:58:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ипотекалык насыясы бар жарандар, жумушсуздар пенсияга топтолгон каражатын алдын ала алса болот**. **Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер кабинетинин жыйынында Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөө эрележери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды.

> Учурда ипотекалык **насыясы бар жарандар**, ошондой эле **алардын жубайлары карыздын негизги суммасын** же кредит боюнча пайыздарды **төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын** пайдалана алышат. Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө **50 миң сомдон кем эмес** өлчөмдө пенсиялык топтоо болууга тийиш.

Токтом ошондой эле пенсиялык топтоолору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар да бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.