> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуш тармагы 2.9%га өстү – өткөн жылы 18%га төмөндөп кеткен
- URL: https://im.kg/all/2022/05/23/kurulush-tarmagy-2-9-ga-st-tk-n-zhyly-18-ga-t-m-nd-p-ketken/
- Published: 2022-05-23T10:34:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 22.6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.9%га өстү. Мындай маалыматты Экономика министрлиги билдирди.**

Белгиленгендей, 2021-жылдын январь-апрель айларында курулуш тармагы **17.7% төмөндөп** кеткен.

> Үстүбүздөгү жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча курулуш тармагынын үлүшү ИДПнын 4.6%ын түзгөн.

Экономика министрлиги ошондой эле 2022-жылдын январь-апрель айларында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициянын көлөмү 22.7 млрд сомду түзүп, 0.6%га өскөнүн белгиледи. Өткөн жылдын ушул мезгилине карата 18.6%га төмөндөө катталган.