> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ТИМде Дональд Лу менен санкциялардын КРнын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтууну талкуулашты
- URL: https://im.kg/all/2022/05/23/timde-donald-lu-menen-sankciyalardyn-krnyn-ekonomikasyna-tijgizgen-ters-taasirin-azajtuunu-talkuulashty/
- Published: 2022-05-23T16:07:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:34:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 23-майда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.** 

 Лу КРда Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында келди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты.

> «Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

> Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды.«С5+1» платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди», – деп айтылат билдирүүдө.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташташкан.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/c1931d9e-9c4c-3cdf-bbe8-52bcbfcd7fd1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/c1931d9e-9c4c-3cdf-bbe8-52bcbfcd7fd1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/fab50b63-dcc8-3dbd-8667-421ee5a96555.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/fab50b63-dcc8-3dbd-8667-421ee5a96555.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/3fe1b3d1-1c51-33c5-be05-58d1339dc6d8.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/3fe1b3d1-1c51-33c5-be05-58d1339dc6d8.jpeg)