> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылдын биринчи кварталында кыргызстандыктар 8.8 млрд сом суммасында кредит алышкан – көлөмү 3.4%га көп
- URL: https://im.kg/all/2022/05/24/2022-zhyldyn-birinchi-kvartalynda-kyrgyzstandyktar-8-8-mlrd-som-summasynda-kredit-alyshkan-k-l-m-3-4-ga-k-p/
- Published: 2022-05-24T10:20:49.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8.8 млрд сом суммасында кредиттер берилген. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.**

Ал эми алуучулардын саны **152 миңге жакын адамды** түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9.8%га азайган, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче, **3.4%га көбөйгөн**.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/kredit.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/kredit.jpg)

> Микрокредиттерди **алуучулардын басымдуу саны Ош** (алуучулардын жалпы санынын **25%** жакыны) жана **Жалал-Абад облустарына** (15%), ошондой эле **Бишкек шаарына** (15%) туура келген.

Микрокредиттердин эң көп суммасы **Ош облусунун** (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн **1.9 млрд сому** же **21%**), Бишкек шаары (1.6 млрд сом же 18%), Чүй (1.3 млрд сом же 15%) жана Жалал-Абад облустарынын (1.2 млрд сом же 13.5%) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн **39%** жакыны – **керектөөчүлүк муктаждыктарга**, **31% – айыл чарбадагы ишмердикти** өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12.5%, курулушка – 6%ды түздү.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/kredit1.jpg)