> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун алкагында 6.7 миң гана дыйканга насыя берилген – өлкө боюнча 450 миң дыйкан чарбасы бар
- URL: https://im.kg/all/2022/05/24/ajyl-charbasyn-karzhyloo-10-dolboorunun-alkagynda-6-7-mi-gana-dyjkanga-nasyya-berilgen-lk-bojuncha-450-mi-dyjkan-charbasy-bar/
- Published: 2022-05-24T13:11:15.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:03:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 млрд 396.5 млн сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.** 

> Анын ичинен **5557** насыя күрөөсү менен жалпы **3 млрд 155.1 млн сомго**, ал эми **241.4 млн сомдук 1189** насыя күрөөсүз берилген.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытында **күрөө коюлган шартта** 868.8 млн сом суммасында **1840** насыя, 128.7 млн сомго күрөөсүз **640** насыя берилген.

**Мал чарбасын** өнүктүрүүгө күрөө менен 1 млрд 881.6 млн сомдук **3572**, күрөөсүз 112.6 млн сомго 549 насыя берилген.

Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404.6 млн сом суммасында 145 насыя таратылган.

Белгилей кетсек, расмий статистика боюнча өлкөдө 450 миң дыйкан чарбасы [бар](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/11/zhyldyk-akcha-ajlantuubuz-5-mlrd-som-biznesin-n-ld-n-bashtagan-baj-dyjkan-kompaniyasynyn-negizd-ch-s-erlist-akunbekovdun-bayany/).