> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарына алынчу электробустар октябрь айында келиши күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/05/24/bishkek-shaaryna-alynchu-elektrobustar-oktyabr-ajynda-kelishi-k-t-l-d/
- Published: 2022-05-24T11:02:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарына алынчу электробустар октябрь айында келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу «Парламент» радиосуна депутат Жаныбек Абиров билдирди.**

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн **50.65 млн доллар** бөлгөн. Анын 25 млн доллары насыя, 25 млн доллары грант түрүндө берилет.

> «Электробустарды алууга каралган насыялык каражатка 120 даана транспорт келет. Анын наркы жакшы эле кымбат. Бирок анын күйүүчү май жагынан көп чыгым талап кылбаганы жакшы. Эми айтылган билдирүүлөргө караганда, **электробустардын октябрь айында келип калышы күтүлүүдө**. Алар шаардын борбордук бөлүктөрү менен калктуу конуштарды байланыштыруучу каттамдарга чыгарылат», – деди Абиров.

Белгилей кетсек, буга чейин келе турган электробустардын жол кире акысы 11 сом өлчөмүндө белгиленери [айтылган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/20/elektrobustardyn-zhol-kiresi-11-somdon-bolot-arzan-bolbojt/) болчу.