> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына карата ага Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/24/ch-korgon-gesinin-60-zhyldygyna-karata-aga-ishak-razzakovdun-ysymy-yjgaryldy/
- Published: 2022-05-24T16:32:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объекти болгон Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

> «Мааракеге байланыштуу ага – энергетика тармагынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилди. Дал ошол инсан Нарын дарыясынын гидро энергетикалык потенциалын биринчилерден болуп байкап, Кыргызстандагы энергетика тармагынын өнүгүшүнө негиз салган», – деп айтылат билдирүүдө. 

Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу **180 мегаватты** түзөт. Ушул убакытка чейин анда 50 млрд киловатт сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн.

Аталган ГЭСти реабилитациялоо долбоору алдыда ишке ашырылганы турат. Ал өз кезегинде ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, кызматынын мөөнөтүн узартып берет. 

> «Кыргызстандагы бул сыяктуу башка дагы ГЭСтер модернизацияланып, ошондой эле жаңылары курулат. Мындай дем менен ишенимди мага биздин энергетиктердин адискөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана талыкпаган эмгеги берип турат», – деди өз сөзүндө иш-чарага катышкан министр.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/GES3-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/GES3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/ges4-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/ges4.jpg)

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/GES1-1024x768.jpg)